Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ош облусу, Ош 19.09.2017 09:10

Ош шаарынын мэриясындагы кадрдык өзгөрүүлөр (тизме)

Turmush -  Ош шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тиешелүү буйруктарга шаар мэри Айтмамат Кадырбаев кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын негизинде Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тышкы байланыштарды жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү агенттигинин директорунун орун басары Ташиев Чыңгыз Ураимжанович ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Ал Ош шаарынын мэринин жардамчысы болуп дайындалды.    
Эндешов Марипжан Абдыкасымович «Ошсвет» муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды.    

Ош шаарынын мэриясынын Жапалак айыл аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Пирматов Алтынбек Абдимиталипович ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, мэриянын коргонуу, укук тартипти сактоо жана өзгөчө кырдаалдар секторунун башкы адиси болуп дайындалды.  

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×