Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Кара-Сууда өзүнө бензин чачып өрттөгөн аял каза болду

Turmush -  Кара-Суу районунда өзүнө бензин чачып өрттөгөн 53 жаштагы аял каза болду.

Ош облустук ооруканасындагы дарыгерлер билдирген маалымат боюнча, оор абалдагы бейтап өзүнө келбей көз жумган.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, 1964-жылы туулган Х.М. денесинен 70-80% (3-даражада) күйүк алып, бүгүн, 19-сентябрда саат 07:30да Ош облустук оорукананын күйүктөр бөлүмүнө жеткирилген. Кийинчерээк Ош ОИИБдин басма сөз кызматы өзүнө бензин чачып өрттөгөн аял 10 күн мурда психикалык жактан жабыркаган жарандардын ооруканасынан чыкканын билдирди. Ал аял буга чейин да бир нече жолу өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Учурда тактоо иштери улантылып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5454
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×