Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Тойдо кыйылган өмүр: Чоң-Алайда оодарылган унаадан көз жумган кыздардын бири той ээсинин сиңдиси, экинчиси курбусу болчу

Turmush -  Чоң-Алай районунда той кортежин коштогон унаа оодарылганда жаракат алгандар дарыгерлердин көзөмөлүндө.

17-сентябрда саат 14:15 чамасында Сары-Таш—Карамык унаа жолунун 112-чакырымында  17 жаштагы окуучу баланын башкаруусундагы «Лексус РX 300» унаасы оодарылып кетип, анын кесепетинен оор жаракат алган 9 жана 16 жаштагы кыздар көз жумган. Алардан башка 3 адам — унаанын айдоочусу, 1999-жылы жана 2003-жылы төрөлгөн кыздар жаракат алып, Чоң-Алай аймактык ооруканасына жаткырылган болчу.

Чоң-Алай аймактык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Арстанбек Карыбеков бүгүн, 19-сентябрда билдиргендей, 17 жаштагы айдоочунун баш мээси чайкалып, көкүрөк клеткалары менен омурткасы жабыркаган. 18 жаштагы жүргүнчү кыздын да баш мээси чайкалып, омуртка сөөгү сынган. 14 жаштагы кыздын баш эти айрылып, сол акыреги сынып, омурткасы жабыркаган. Учурда бейтаптардын абалы турукташа баштады.

Үйлөнүү той өткөрүп жаткан үй-бүлөнүн коңшуларынын айтымында, Карамык айылынын тургуну Анарбек 18 жаштагы кызын Кара-Тейит айылына турмушка узатып жаткан. Кырсыктан каза болгон кыздын бири Карамык орто мектебинин 2-классынын окуучусу — турмушка чыгып жаткан кыздын бир тууган сиңдиси болчу. Ал эми, 16 жаштагы кыз Карамык орто мектебинде 10-класста билим алып жаткан. Ал тойго жакын коңшусу жана жаңы келиндин курбусу катары чакырылган.

Айрым маалыматтар боюнча, кырсыкка учураган унаа тойдогу кортежди коштогон башка автоунаалар менен жарышкан. Ал эми, унааны башкарып жүргөн окуучу баланын айдоочулук күбөлүгү жок экени белгилүү болду.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4047
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×