Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Фото, видео - Ноокатта 1 айдан бери жол четинде турган унаанын ээсин издеп жатышат

Turmush -  Ноокат районунда «Ниссан Марч» үлгүсүндөгү автоунаанын ээси изделип жатат. Ош ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, аталган унаа Ош—Ноокат жолунун 25-чакырымында табылган.

Ал унаа жолдун четинде 1 айдан ашык убакыт кароосуз турган. Аны «Хонда Стэпвагон» үлгүсүндөгү унаа сүзүп, кырсыкка учураган.

Милиция кызматкерлерине жабыркаган «Хонда Стэпвагон» үлгүсүндөгү унаанын ээси кайрылып, андан кийин гана текшерүү иштери башталган. Учурда унаа Ноокат РИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн гаражында токтоп турат.

«Азыркыга чейин унаанын ээси табыла элек. Ээси ал унааны эмне себептен таштап кеткенин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1020
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
14:22,   21.10.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×