Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Айыл турмушу: Эс алууга чыккан мугалим шарты катаал айылда 3 гектарга картошка, күнөсканада помидор өстүрдү (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын тургуну Имарбай Бакиров быйыл алгачкы жолу күнөскана куруп, помидордон жакшы түшүм алды. Мээнеткеч мырза жаш кезинен эле мал чарбачылыгына жана дыйканчылыкка жакын.

Ал шарты катаал айылда жашылча-жемиш быша турганынан күмөн санап жүргөн. Бирок күнөсканада бышкан жашылчалар аны бул оюнан кайтарды. Мындан сырткары, 3 гектар жерге картошканын каратоп аталган сортун эккен. Өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн агартуу тармагына жумшаган Имарбай мырза дыйканчылык жаатта да мыкты экенин көрсөтүүдө.

«Мен кичине кезимден тартып эле мал чарбачылыгына, дыйканчылыкка шыктуумун. Тоолуу аймакта жашагандан кийин малсыз күн өтпөйт. Мен ар бир жасаган жумушумдан рахат алам. Кесибим боюнча мугалиммин. Көп жыл Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, усулчусу, профсоюз комитетинин төрагасы болуп эмгектендим. Быйыл эс алууга чыгып, дыйканчылыкты колго алдым. Алгачкы жолу күнөскана куруп, помидор эгип көрдүм.

Түшүмдүүлүгү жакшы болду. Туурасы 4 метр, узуну 8 м болгон күнөсканадан 700 кг жакын помидор алдым. Помидордун ар бир түбү 6-10 кг чейин түшүм берди. Дыйканчылык адамды кубанычка бөлөп турат. Эккен эгиниң гүл ачканда бир сүйүнөсүң, түшүмүн алуу да чоң бакыт. Мындан сырткары короого капуста, болгар калемпири, кызылча, сабиз эктим. Алардын дагы түшүмдүүлүгү жакшы болду. Капустанын бир көчөтүн 3 сомдон сатып алсам, учурда 60-70 сомдон сатыкка чыгардым», - дейт ал.

60 жаштагы дыйкан Россиядан атайын картошканын каратоп түрүнүн уругун алдырган. Картошканын бул түрү 1 гектар жерден 70 тоннага чейин түшүм берет. Ал эми Имарбай мырза учурда картошканы казуу менен алек. Канча түшүм алганы азырынча белгисиз.

«Жерди иштете билүү керек. Биз жерди жумшартуу үчүн атайын малдын, канаттуулардын кыгын чачканбыз. Бул экологиялык жактан таза, химикаттар сыяктуу зыяндуулугу жок. Азыр картошканы казып жатабыз.Түшүмдүлүүгү жылдагыга салыштырмалуу жогору», - деди Имарбай Бакиров.

Имарбай мырза 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1285
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×