Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

«Наркотик барбы?»: Чоң-Алай РИИБдин жарандарды коркуткан 3 кызматкери жумуштан бошотулду

Turmush -  ИИМдин талаптарын жана ички иштер кызматынын уставын бузгандыгы үчүн Чоң-Алай РИИБдин 3 кызматкери — милициянын старшинасы А.А., кенже лейтенант Ж.Д., улук лейтенант К.А. жумуштан бошотулду. Ошондой эле, РИИБдин жетекчилиги дисциплинардык тартипте жазаланды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.  

Буга чейин Кыргызстандын жараны Фахридин Назиров Чоң-Алайда милиция кызматкерлери негизсиз коркутууга алып, акча алганын билдирген. Андан кийин Тажикстандан келе жаткан кыргыздарды коркутуу жолу менен акча алды деп айыпталып жаткан Чоң-Алай РИИБдин милиция кызматкерлерин райондук прокуратура менен ИИМдин ички иликтөө кызматы текшерип жатканы маалымдалган.

«4-сентябрь күнү Тажикстандын Жерге-Талынан Кыргызстанга жездем Абдразак (Кыргызстандын жараны) жана Изатулла аттуу жигит (Тажикстандын жараны) менен бирге келе жатканбыз. Чек арадан мыйзамдуу өттүк. Карамыктан тарта Дароот-Коргон айылына чейин такси менен жетип, Ошко кетүү үчүн такси издеп жатсак Чоң-Алай РИИБдин жанынан эки милиция кызматкери жана жарандык кийимчен адам кайдан келе жатканыбызды сурады. Биз Тажикстандан келе жатканыбызды айттык. Алар өздөрүн тааныштырбастан бизден паспорт сурашты. Биздин паспортторду алып, РИИБдин имаратына жетпей кичинекей бөлмөгө алып киришти. Жарандык кийимчен киши жанынан кызыл түстөгү күбөлүктү чыгарып, өзүн Мыйзамсыз баңгизатка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын өкүлү экенин айтты. Ал жерден биздин кийимдерди, чөнтөктөрдү текшерип, биз көтөрүп жүргөн баштыктын тигиштерин тытып чыгышты. Белимдеги курду чечип, шымдын тигиштеринен бери тинтүүгө алышты. "Наркотик барбы? Кайда каттың? Өзүң чыгарып көрсөт" деп моралдык жактан басмырлашты.  
Үчөөбүздү тинтип бүткөндөн кийин мени башка бөлмөгө алып кирип, бут кийимдерге чейин текшерип, капчыгымдагы акчаларды столдун үстүнө койдурушту.

Тинтип бүткөн соң чачылган буюмдарды жыйнап, түшүнүк кат жазууну талап кылышты. Жаңы жазып баштаганда, "кыйналып отурасыңбы, бир аз акча берип чыгып кетпейсиңби?" дешти. Бирок мен акча берүүдөн баш тарткандан кийин милиционерлердин бири уят сөздөр менен сөгүнүп кирди. "Сага окшогонду жок кылам. Атамбаев (президент Алмазбек Атамбаев) таанышың болсо да ал мага авторитет эмес" сыяктуу сөздөр айтылды. Андан кийин мурунку бөлмөгө кайрадан киргизип, жездем Абдразактан бир беш миң сомдук, ага кошумча 1 миң сом алды (жалпы 6 миң сом). Ал акчаны алгандан кийин бизди бошотушту», - деди Ф.Назиров.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 714
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×