Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Фото – Саид Баюми Кыргызстанга дагы бир мектеп куруп берди

Turmush -  Оштун Кара-Кулжа районундагы Буйга айылында курулган 200 орундуу жаңы мектептин ачылышы болду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, мектептин ачылыш аземине «Ассанабил» коомдук кайрымдуулук фонддун президенти Саид Баюми, ЖКнын депутаты Асылбек Жээнбеков жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Аталган мектеп «Ассанабил» кайрымдуулук фонд тарабынан курулду. Мектеп 12 класстык бөлмө, мугалимдердин жана мүдүрдүн бөлмөсүнөн туруп, тиешелүү эмеректер, компьютерлер жана интерактивдүү доскалар менен камсыздалган. Эми бардык шарты түзүлгөн жаңы мектепте 200гө жакын окуучу билим алышат.

Буга чейин Буйга айылындагы мектептин имараты авариялык абалда болгондуктан жаңы мектеп куруу зарылдыгы жаралган.

«Ассанабил» коомдук кайрымдуулук фонд тарабынан республика боюнча 31 мектеп курулуп, мамлекетке тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2768
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×