Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Фото - Ноокаттагы жол кырсыктан 30 жаштагы айдоочу көз жумду

Turmush -  Ноокат районунда «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаа оодарылып, 30 жаштагы айдоочу көз жумду. Ош ОИИБдин Патрулдук милициясы маалымдагандай, жол кырсык кечээ, 23-сентябрда таңкы саат 05:00 чамасында Ош—Исфана унаа жолунун 28-чакырымында болгон.

Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын 1987-жылы туулган тургуну Б.С. өзүнө тиешелүү «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаа менен Ноокат шаарына чыккан. Унаа Ноокаттагы Т.Кулатов айыл аймагына жеткенде дөңсөөнү сүзүп, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен оор жаракат алган айдоочу ошол жерде каза болгон.

Учурда бул факты боюнча милиция кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 968
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×