Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Акыркы суткада өлкө аймагында 26 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 26 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 31 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 26-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Оштогу Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагындагы Жийде айылында 2 кабаттуу курулуш чарбасынан өрт чыкты. Анын кесепетинен 48 чарчы метр чатыры жана тоют чөп күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Өрттү от менен ойногон балдар чыгарган.

Ошондой эле, Жалал-Абаддагы Сузак районунун Багыш айыл аймаганда 2 кабаттуу сарай толугу менен өрттөнүп, 300 түк беде, 30 түк саман жана 2 тонна тезек күйдү. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 397
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×