Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Курбу-Таш айылында жер көчкү баскан мектептин жаңы имараты курула баштады (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү Курбу-Таш айылында жер көчкүнүн кесепетинен кийин 150 орундуу мектептин курулушу башталды. Мектеп курууга жер маселеси чечилбей, айылдан алыс аймактан жер табылган.

Жаңы мектепке жетүү үчүн окуучулар 1 чакырымдан ашык жол басууга туура келет. Буга байланыштуу өкмөт башчы Сапар Исаков кечээ, 25-сентябрдагы иш сапарында мектептин ордун жылдыруу керектигин белгиледи. Ал эми, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов ошол аймак коопсуз экенин айтты.

К.Калмурзаев атындагы мектептин директору Майрамкан Калдыбаева окуучулар учурда айыл өкмөттүн имаратында жана маданият үйдө окуп жатканын кошумчалады.

2017-жылдын 30-апрелинде Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жылып баштаган жер көчкү улам жылып отуруп, жалпы 45 турак жайды, ФАП, мечит, 35 электр мамысын, мектепти жана айылдагы көрүстөндү басып калган. Үйү көчкү алдында калган үй-бүлөлөр көчкүгө чейин ӨКМ тарабынан тигилген чатырларга жайгаштырылып, коопсуз аймактан жер тилкелер берилген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 505
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×