Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Талас

Элдик уламыш: Шекердеги ак үй пайгамбар түнөгөн жерге курулган (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылындагы ак үй жана түлөөкана деп аталган имараттар 6-кылымга таандык. Бул тууралуу айылдын тургуну, Күркүрөө маданият үйүнүн жетекчиси Самат Рыспаев билдирди.

Анын айтымында, бул мурастар Шекер айылынын четинде жайгашкан. Айыл тургундары бул жерди айылдын панорамасы деп коюшат. Имараттарды бул жерге Олуя-Атадан келген Эшен аттуу табып карыя салдыргандыгы айтылып жүрөт.

Күндөрдүн биринде Эшен карыя айылдан чет ошол жерге түнөп калат. Түшүндө аян алып, «бул жер пайгамбар түнөгөн ыйык жер экен» деп айыл элине жар салат. Ошол жерге мечит салалы деп эл макул болушат. Ошол кезде айылда бир эле байдын күмбөзү болот. Байдын уулунан күмбөздүн кирпичтерин сурашса макул болуп берет. Бирок эл чогулуп, кирпичин алар кезде жаш баланын ыйы токтобой угулат. Муну көргөн Эшен карыя «бузбагыла, кирпичти башка жерден алабыз» деп ишти токтотот.

Шекердеги Жерүй деген жерден кирпич чыгып, 2 км жерге айыл эли катар туруп, кирпичти бири-бирине узатып курушкан. Ак үйгө зыяратка эл көп келгендиктен көп өтпөй жанына түлөөкана курулган. Ошондон тарта бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандан жана жакынкы чет өлкөлөрдөн зыяратка келгендер көп. Кийинчерээк жанына мечит курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2424
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
Учурда окулуп жатат
×