Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Кашка-Суудагы балдар 12 жылдан бери авариялык абалда турган имаратта окушат (видео, фото)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Эсенгелди уулу Максатбек атындагы орто мектептин имараты 12 жылдан бери авариялык абалда турат. Мугалимдер катуу шамалда чатыры басып калбасын деген коркунуч жараларын айтышты.

Жер титирөөдөн улам мектептин дубалынан жарака кеткенин мектептин директору Нургүл Сейитбекова кошумчалады.

«Биздин мектеп 3 имараттан турат. Башталгыч класстар окуган имараттын чатырынан суу агып, чирип, шамал болгон сайын учуп кетүү коркунучунда турат. Быйылкы жылы болгон жер титирөөдө 2 имараттын дубалдарынан жарака кетип, дубалдар ажырап калган. Биз оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, жаракаларды тактайлар менен тосуп койгонбуз. Бир айдан кийин бизге кыш түшөт. Спорт залдын жоктугунан кыш мезгилинде дене тарбия сабактарын класстарда өтөбүз», - деди директор.

Маалым болгондой, мектеп типтүү болуп курулган эмес жана класстык бөлмөлөр талапка жооп бербейт.

«Бул имарат 1968-жылы мектеп болуп ишке кирген. Мектеп үчүн атайын ылайыкталып курулган эмес. Бир класска 15 бала араң батат. Учурда 400 балага ылайыкташкан имаратта 610 бала билим алууда», - деп кошумчалады.

Эсенгелди уулу Максатбек атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушу башталган. 375 орунга ылайыкташкан мектептин учурда пайдубалы курулуп, айланасы тосулду. Бул тууралуу Чоң-Алай районунун акими Жумадилла Жапаров айтты.

«Бул мектеп жаңыдан 3 кабаттуу болуп салынат. Жалпы сметалык баасы 62,5 млн сом болду. Учурда 6 млн сом бөлүнүп, пайдубалы түптөлдү. Жаңы мектеп 2018-жылдын планына киргизилген», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 797
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×