Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Кара-Сууда фестивалга активдүү катышкан балдар 60 миң сомдук белектерди алышты (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунда «Балдар дүйнөсү» фестивалы уюштурулуп, кызыктуу өттү. Ага райондун бардык аймактарынан окуучулар катышкан. Алардын арасында ар улуттун өкүлдөрү, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болду.

«Фестивалда кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн эмгектери көргөзмөгө коюлуп, көркөм окуу, ыр-бий менен коштолду. Улуттар аралык ынтымакты бекемдөө максатында ар улуттун өкүлдөрү кыргыз тилинде көркөм ырларды айтып, кыргыз ыр-бийлерин тартуулашты. Сүрөт көргөзмөгө Жоош айыл өкмөтүндөгү мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялаган мектеп-интернаттын окуучулары да активдүү катышты. Соңунда фестивалга катышкан 100 балага Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 60 миң сомдук белектер таратылды», - деди акимдин орун басары Мехриниса Жороева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 669
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×