Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Акыркы суткада өлкө аймагында 31 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 31 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 32 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 28-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.  

Оштогу Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагындагы Өсөр тилкесинде 2 кабаттуу мал сарайдан өрт чыкты. Анын кесепетинен 32 чарчы метр чатыры жана 5 тонна эндей чөп күйдү. Өрт жанындагы 2 кабаттуу сарайга жайылып, анын кесепетинен 150 чарчы метр чатыры, 300 түк жана 2 тонна эндей чөп өрттөнгөн. Адамдар жабыркаган жок.  

Ошондой эле, электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан Кара-Балта шаарынын Федоров көчөсүндөгү үйдөн өрт чыкты. Өрттүн кесепетинен 10 чарчы метр полу, 20 чарчы метр туш кагаз, буюмдар жана кийим-кечелер күйгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 657
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×