Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Катуу ылдамдыктагы кичи автобустан секирген 5 жаштагы бала дөңгөлөктүн алдында калды

Turmush -  Кара-Суунун Төлөйкөн айыл аймагынын Учар айылында катуу ылдамдыкта бара жаткан кичи автобустан 5 жаштагы бала секирип түшүп, дөңгөлөктүн алдында калып каза болду. Маалым болгондой, унааны 1991-жылы туулган И.Н. башкарып жүргөн. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, кечээ, 27-сентябрда саат 20:00 чамасында жергиликтүү тургун «Мерседес Бенц-380» үлгүсүндөгү унаасын катуу ылдамдыкта башкарып бара жаткан. Андан корккон 5 жаштагы бала жүрүп бара жаткан унаанын эшигин ачып, жерге секирип түшүүгө аракет кылган. Ал дөңгөлөктүн алдында калып, оор жаракаттан улам окуя болгон жерден көз жумду.

Учурда тактоо иштери улантылып жатат. 

И.Н. башкарган кичи автобус

А 1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5642
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×