Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Фото - Бишкек—Ош жолунда кайрадан кырсык: 3 адамдын өмүрү кыйылды

Turmush -  Өзгөн районунун аймагындагы жол транспорт кырсыктын кесепетинен 3 адамдын өмүрү кыйылды. Ош ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, кырсык бүгүн, 28-сентябрда саат 11:00 чамасында болду.

Алгач «ВАЗ 2199» үлгүсүндөгү автоунаа каршы тилкеге чыгып, «Хонда Фит» унаасын сүзүп токтогон. Анын кесепетинен 3 адам — биринчи унаанын ээси, жүргүнчүсү жана «Хонда Фит» унаасынын жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза болгон. Кырсыктан жаракат алган 2 адам учурда ооруканада дарыланып жатат.

Жол кырсык боюнча териштирүү иштери башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2662
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×