Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Кара-Суунун Бодур-Таш айылында 4 жыл мурда башталган мектептин курулушу бүттү (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Бодур-Таш айылында 2013-жылы курулушу башталган мектеп толук курулуп бүттү.

Н.Сайдиев атындагы мектептин директору Топчугүл Алимгулбаеванын айтымында, 2 кабаттуу орто мектеп 420 окуучуга ылайыкташкан.

«Учурда 420 орундуу мектепте 220 бала билим алууда. Мурунку имарат эс алуучуларга ылайыкташтырылып курулуп, мектеп катары пайдаланууда бир катар тоскоолдуктар жаралып келген. Курулуш иштери 2013-жылы башталып, 2016-жылы сентябрь айында бүткөн. Учурда капиталдык оңдоо иштери аяктады. Расмий түрдө ачылышы боло элек, бирок окуучулар билим алууда», - деди ал.

Ачылыш аземи октябрь айына белгиленген. Мектеп республикалык бюджеттен жана түркиялык гранттын эсебинен курулуп, 94 млн сом жумшалды. Биринчи этабында мектептин имараты толук бүткөрүлсө, экинчи этабында спорт залы курулат. Учурда спорт залдын пайдубалы түптөлдү. Аны 2018-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 398
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:42,   19.10.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×