Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Кара-Гур айылындагы окуучулар бул жылы да үйлөрдө билим алып башташты

Turmush -  Кара-Суу районунун Кара-Гур айылындагы окуучулар 2 жылдан бери турак үйлөрдө билим алып жатышат. Алар үчүн быйыл дагы мектептин жаңы имараты даяр боло элек.

2014-жылы Кара-Гур орто мектебинин имараты селдин кесепетинен жарактан чыгып, окуучулар убактылуу делип үйлөргө жайгаштырылган. Мектептин директору Бакыт Жалиев жаңы имараттын курулушу жүрүп жатканын, ал ушул жылдын ноябрь айына чейин курулуп бүтө турганын билдирди.

«Окуучулар учурда үйлөрдө окуп жатышат. Мектепти ноябрь айына чейин бүтүрүү аракети көрүлүүдө. Кышка чейин окуучулар жаңы мектепке кирип калышы мүмкүн», - деди ал.

Мектепте учурда 142 окуучу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 756
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×