Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

«Эгиздер»: Айжан менен Нуржанды айрым учурда апасы да айырмалай албайт (фото)

Turmush -  9 жаштагы Айжан менен Нуржан Шамырбековалар Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүндөгү Тээке айылында жашашат. Алардын келбети өтө окшош болгондуктан кээде апасы да айырмалай албай калат. Эгиздер менен аймактык кабарчы таанышты.

- Кандай адамдар эгиз болот?

Айжан: - Экөөбүзгө окшош адамдар.

Нуржан: - Бири-бирине окшош болсо аларды эгиз деп аташат.

- Силерге эгиз болгон жагабы?

Айжан: - Ооба жагат.

- Эмнеси менен жагат?

Нуржан: - Жаныңда сага окшош адам дайыма жүрсө жакшы болот.

Айжан: - Окшош кийинип жүрөбүз. Каякта болсо да чогуу болобуз. Досторуң күндүз эле сени менен болушу мүмкүн. Ал эми эгизиң түнү да чогуу болот. «Эгиздер достон да жакын болот», - деп апам айтат.

- Кийин силер да эгиз балдарга турмушка чыккыңар келеби?

Айжан: - Ооба (күлүп), кийин да Нуржан экөөбуз чогуу жүрсөк жакшы.

Нуржан: - Билбейм.

- Эгиз болгондун дагы кандай пайдалары бар?

Нуржан: - Апам бизге кийим алып бергенде экөөбүздү тең ээрчитпейт. Мага чак келген кийимдер Айжанга да ылайык. Ошондуктан базарга бирөөбүздү гана алып барат.

Айжан: - Биз окшош болгондуктан апабыз да айырмалай албайт. Мугалимдерибиз да тааный албайт. Бир жолу мен ыр жаттап барып, Нуржандын ордуна да айтып койгом.

- Келечекте кайсы кесиптин ээси болууну кыялданып жатасыңар?

Айжан: - Адамдарды дарылаган дарыгер болом.

Нуржан: - Мен дагы дарыгер болгум келет.

Эгиздер үй-бүлөдө 6 бир тууган. Айжан менен Нуржандын 2 агасы, 2 эжеси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 976
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×