Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Араванда зоолордогу таштарды мыйзамсыз ташыган адам кармалды

Turmush -  Араван районунун Араван айылында зоолордогу таштарды мыйзамсыз ташыган адам кармалды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Араван айылынын М.З. аттуу тургуну эч кандай уруксат кагаздары жок, оор жүк ташуучу унаа менен таш ташыган. Мамэкотехинспекциянын адистери тарабынан мыйзамсыз ишмердүүлүк токтотулуп, тийиштүү кагаздар толтурулду. Аталган жаранга мыйзамсыз кен казууга тыюу салынары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам чегинде административдик айып салынды.

Кыргызстанда мыйзамсыз, өз билемдик менен баалуу кен байлыктарды казууга тыюу салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 727
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×