Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндөгү тургундар таза сууну сатып албай калышты

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Эски Покровка жана Алга айылдарындагы жашоочуларга таза суу берилди. Буга чейин жергиликтүү тургундар 4 айдан бери таза сууну сатып ичип жатканын билдиришкен.

Учурда аталган эки айылда таза суу чыгып жатканын «Медиа пресс» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Арынбек Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда билдирди.

«Бул эки айылды таза суу менен камсыз кылуу быйылкы жылдын планына киргизилген эмес. Бирок жергиликтүү тургундардын суранычы менен таза суу чыгарып бердик. Учурда саат 14:00дөн тарта кечки саат 17:00гө чейин таза суу үзгүлтүксүз берилип жатат», - деди А.Жээнбеков.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, суу түтүктөр буга чейин орнотулган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 503
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×