Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Калининдик окуучулар 4 жылдан бери бала бакчанын эски имаратында окуп жатышат (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүндөгү Калинин айылындагы окуучулар 2013-жылдан бери бала бакчанын эски имаратында билим алып жатышат. Айыл өкмөт тарабынан 360га чукул окуучуга ылайыкталган имарат капиталдык оңдоо иштеринен өткөрүлгөн.

«1932-жылы курулган мектептин дубалдарынан жарака кетип, жараксыз болуп калганда 2013-жылы билдирүү жазып баштадык. ӨКМ тарабынан имарат авариялык абалда деп табылып, жабылган болчу. Жоош айыл өкмөтү эски бакчаны оңдоп жатканда эки үйдө окудук. Чатырда окуган күндөрүбүз да болду. Республикалык бюджетке кирип, жаңы мектепти 2014-жылы куруп башташкан. Учурда мектептин жаңы имаратынын курулушу 70%га бүтүп калды», - деди №44 Абдраман Сматов атындагы мектептин директору Урмат Атабаева.

320 орундуу мектептин сметалык баасы 79 млн сомго бааланган. Учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Калинин айылында 400дөн ушуун кожолук жашайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1478
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×