Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Айыл турмушу: Биолог, химиктердин үй-бүлөсү курманын эки түрүн өстүрүп, 12 тонна түшүм алды (фото)

Turmush -  Араван районундагы Алыш-Башы айылынын 65 жаштагы тургуну Бүмайрам Вахидова 200 түп курма отургузуп, жылына 12 тонна түшүм алууда. Ал мектепте биология мугалими болуп эмгектенип, кесиби аркылуу мөмөнү өстүрүүнү үйрөнгөн. Бүмайрам апа бул үчүн атайын Өзбекстанга барып, 25 түп курма дарагын алып келгенин айтты.

«Мындан 20 жыл мурда Өзбекстандан курманын 2 түрүн: «королек» жана «шоколад» түрлөрүн алып келдим. Бул эки түр мөмөнү жакшы берип, суукка да чыдамкай, даамы көпчүлүккө жагат. Көчөтүн отургузгандан кийин 3 жылда мөмө берип баштады. Биринчи мөмө берген жылда эле 5 тоннага жакын түшүм алдым. Кийин муну көбөйтүү жолун да үйрөндүм. Жапайы курмадан көбөйтсө болот экен. Жапайы курманын бир бутагын мөмө берип жаткан курманын бутагына туташтырып койсо алар өсүп, көбөйөт», - деди Б.Вахидова.

Курма — мээнети аз, мөмөсү көп өсүмдүк. Курма сабактан үзүлгөн соң абдан назик болуп калат. Дарагы кышкысын сууктан корголууга тийиш.

«Курма көп мөмө байлап, сабагынан адам үзмөйүнчө жерге түшпөйт. Терилбей калса кышы менен сабагында тура берет. Бирок дарагына көп маани берүү керек. Жаш көчөт болсо ага жаңы отургузганда сууну жетиштүү берүү керек. Кышкысын катуу суукта үшүк алуу коркунучу бар. Андыктан жаш көчөттү кышкысын кездеме менен ороп коюу керек. Бат-баттан бутап туруу зарыл», - деди ал.

Вахидова жолдошу менен чогуу 30 жыл мектепте иштеген. Алар кошумча киреше табуу максатында курма, анар жана алмуруттун түрлөрүн өстүрүшкөн.

«Жолдошум экөөбүз мектепте 30 жыл иштедик. Ал химиядан, мен биология сабагын окутчубуз. Курма, анар, алмуруттарды өстүрүү жолдорун үйрөнүп, ишибизди баштаганбыз. Эмгегибиздин үзүрүн көрүп, 3 уул жана 2 кызды багына кондуруп, үйлүү-жайлуу кылдык», - деп кошумчалады.

Бүмайрам апанын курмалары 40 сомдон бааланып, Бишкекке жана Москва шаарына экспорттолот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1095
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×