Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Фото - Кара-Кулжадагы жол кырсыктан 8 адам жабыркап, анын бири ооруканага жетпей көз жумду

Turmush -  Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы жол-транспорт кырсыгынан 8 адам жаракат алып, анын бирөө ооруканага бара жатканда каза болду.

Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, 6-октябрь күнү саат 14:00 чамасында Кара-Кулжа айылында «Мерседес-Бенц», «Хендай» жана «Хонда Одиссей» үлгүлөрүндөгү унаалар кагышкан. Анын кесепетинен аталган айылдын 1956-жылы туулган тургуну К.Кубанычбек каза болуп, 7 адам жаракат алды.

Жабыр тарткандардын тизмеси:

- 1959-жылы туулган И.Батма, Өзгөн районунун Баш-Дөбө айылынын тургуну;

- 2002-жылы туулган К.Диана, Кара-Кулжа айылынын тургуну;

- 2000-жылы туулган Э.Назбү, Сары-Булак айылынын тургуну;

- 1966-жылы туулган С.Шааркан, Өзгөн районунун Кош-Дөбө айылынын тургуну;

- 1954-жылы туулган Т.Ысамат, Кара-Кулжа районунун Бий-Мырза айылынын тургуну;

- 1964-жылы туулган Ы.Токторбай, Өзгөн районунун Кеңеш айылынын тургуну;

- 1968-жылы туулган И.Салибай, Өзгөн районунун Кеңеш айылынын тургуну.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 966
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×