Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Кара-Суудагы 13 мугалимге министрликтин сыйлыгы тапшырылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 9-октябрда Кара-Суу районунда 400дөн ашуун мугалимди район жетекчилиги кесиптик майрамга карата куттуктап, грамота жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

«Билим берүү жана илим министрлигинин грамоталары 13 мугалимге тапшырылса, 15 мугалимге төш белги тагылды. Мындан сырткары, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан 5 мугалим сыйланса, райондук билим берүү бөлүмү да бир катар мугалимдердин эмгегин баалады», - деди Кара-Суу районунун акиминин орун басары Мехриниса Жороева.

Ошондой эле, 45 жыл мугалим болуп эмгектенген Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн тургуну Курбанбүбү Субанова «Кыргызстандын ардактуу айымы» төш белгисин алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 753
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×