Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Кеңеш айыл аймагында селге туруштук берүүчү көпүрө курулду (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагындагы Чегеден жана Байыш айылдарын бириктирүүчү көпүрө курулуп бүттү. Бул тууралуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Ташболот уулу Бексултан билдирди.

Аталган көпүрө демөөрчүлөр жана жергиликтүү эл тарабынан 3 млн сомго курулган. Бул көпүрө негизги жолдо жайгашкандыктан Кеңеш айыл өкмөтүнүн 14 миң 200 жашоочусу жана Исанов айыл өкмөтүнүн эли пайдаланат. Буга чейин бул аймакка кичи көпүрөлөр курулуп, жыл сайын жай айларында сел алып кетип, кайра оңдолуп турган. Быйыл селге туруштук берүүчү көпүрө куруу демилгеленип, ишке ашырылды.

Ачылыш аземге Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов, Ноокат районунун акиминин биринчи орун басары Замир Жапаров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 520
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×