Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ош облусуНоокат району 10.10.2017 09:27 Жаңыланды: 10.10.2017 09:46 На русском

Ноокатта УКМКнын 2 кызматкерин бычактап кетишти

Turmush -  Кечээ, 9-октябрда саат 21:00 чамасында Ош облусундагы Ноокат районунда УКМКнын 2 кызматкери бычактан алган жаракат менен ооруканага түштү. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлады.

Укук коргоо органдарынан кабарлашкандай, учурда шектүүлөр изделип жатат. Окуя Ноокаттагы борбордук базардын айланасында болгон.

Аймактык оорукананын дарыгерлери УКМКнын 2 кызматкери оор абалда жеткирилип, операция таңкы 05:00дө аяктаганын билдиришти. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабырлануучулардын биринин өпкөсүнө 3 жолу бычак сайылган. Экинчи кызматкердин оң жак көкүрөгүнө 3-4 ирет бычак тийген. Учурда бейтаптардын абалы канааттандырарлык.

Кийинчерээк Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, жабырлануучулар — 1987-жылы туулган К.И. менен М.Н. Ош шаарынын тургундары.

Окуя тууралуу маалымат алган ыкчам топ Гүлистан айыл аймагындагы Бостон айылына барышкан. Алар тарабынан алгач К.И. ооруканага жеткирилип, экинчи жабырлануучуну бир аз убакыттан кийин айылдын четинен табышкан. Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө М.Н. менен К.И. УКМКда 2016-жылдын июль айынан бери эмгектенип жатышканы белгилүү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×