Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

УКМКнын кызматкерлерин бычактаган адамдардын өздүгү аныкталды

Turmush -  Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 2 кызматкерине бычак менен кол салган адамдардын өздүгү такталды. Учурда «Колго түшүрүү» планы жарыяланганын түзүмдөн АКИpress агенттигине маалымдалды.

Билдирүүдө айтылгандай, бычак менен кол салуу эл аралык террористтик уюмдун жашыруун ишин ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө болгон.

Аталган факты боюнча Ноокат РИИБ тарабынан кылмыш иш козголуп, шектүүлөрдү издөө жана колго түшүрүү аракеттери улантылып жатат.

Окуя тууралуу:

Кечээ, 9-октябрда саат 21:00 чамасында Ош облусундагы Ноокат районунда УКМКнын 2 кызматкери бычактан алган жаракат менен ооруканага түштү. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлады. Окуя Ноокаттагы борбордук базардын айланасында болгон.

Аймактык оорукананын дарыгерлери УКМКнын 2 кызматкери оор абалда жеткирилип, операция таңкы 05:00дө аяктаганын билдиришти. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабырлануучулардын биринин өпкөсүнө 3 жолу бычак сайылган. Экинчи кызматкердин оң жак көкүрөгүнө 3-4 ирет бычак тийген. Учурда бейтаптардын абалы канааттандырарлык.

Кийинчерээк Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, жабырлануучулар — 1987-жылы туулган К.И. менен М.Н. Ош шаарынын тургундары.

Окуя тууралуу маалымат алган ыкчам топ Гүлистан айыл аймагындагы Бостон айылына барышкан. Алар тарабынан алгач К.И. ооруканага жеткирилип, экинчи жабырлануучуну бир аз убакыттан кийин айылдын четинен табышкан. Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө М.Н. менен К.И. УКМКда 2016-жылдын июль айынан бери эмгектенип жатышканы белгилүү болду.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1309
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×