Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Фото - Ата-энесинин каршылыгына карабай оор атлетиканы тандаган Каныкей өлкө чемпиону болууга жетишти

Turmush -  Ноокат районунун 21 жаштагы тургуну Каныкей Жолдошбаева ата-энесинин каршылыгына карабай спорттун оор атлетика түрү менен машыгып келет. Кыздар арасында кеңири жайылбаган спорттун бул түрү кыздарга ыңгайлуу экенин Каныкей аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

«Мен мурун жеңил атлетика, күрөш менен машыгып жүрдүм. Дос кызымдын сунушу менен 2 жыл мурун оор атлетикага катыша баштадым. Мага оор атлетика абдан жагат. Ар бир спортчунун өзүнүн сүйгөн тармагы болот. Штанга көтөрүү, машыгуу менин күнүмдүк турмушумдун бир бөлүгүнө айланган», - деди ал.

Спортчу кыздын пикиринде, оор атлетика кыздарга ыңгайлуу.

«Спорттун башка түрлөрүндө каршылашың менен күч сынашып, ар кандай жаракат алып калышың ыктымал. Ал эми штанга көтөргөндө өзүңдүн күчүңө гана ишенесиң. Мен оор атлетиканы тандаганымда ата-энем каршы чыгышты. Качан гана мен ийгиликке жетип калганда каршы болбой калышты. Азыр күнүнө 4-5 сааттан машыгып турам», - деди ал.

Каныкей үй-бүлөдөгү жалгыз спортчу кыз. Ал 9 бир туугандын алтынчысы. 2016-жылы оор атлетика боюнча 69 кг салмактар арасында Кыргызстандын чемпиону болууга жетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 656
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×