Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Ош шаардык төрөт үйү бир айга жабылды

Turmush -  Ош шаардык клиникалык ооруканасындагы төрөт стационарында капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу кызматкерлер 1 айга ишин токтотту. Бул тууралуу Ош шаардык ооруканасынан билдиришти. Учурда кош бойлуу аялдарды Ош облустук төрөт үйү кабыл алууда.

Маалым болгондой, аталган имарат акыркы 4 жылдан бери оңдолгон эмес. Сентябрь айынан тарта капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталган. Аталган төрөт стационарында эмгектенген 336 кызматкер учурда эс алууга чыгышты.

Ал эми, клиникалык оорукананын хирургия жана жандандыруу бөлүмдөрү капиталдык оңдоо иштеринен кийин кызмат көрсөтүүнү баштады. Оорукананын жетекчиси Шаятбек Абдурахманов бул бөлүмдөр жаңы медициналык каражаттар менен жаңыланганын кошумчалады.

Буга чейин шаардык оорукананын айланасы жашылдандырылып, түнкүсүн жарык берүүчү жабдуулар менен камсыз болгон. Ошондой эле, кирүү-чыгуу күзөттүк тартиби ишке киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1144
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×