Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Кутугалы Козубаев — Кара-Суу шаарынын жаңы мэри (эмгек жолу)

Turmush -  Кара-Суу шаарынын мэри болуп шаардык кеңештеги көпчүлүк депутаттын колдоосу аркылуу Кутугалы Козубаев шайланды. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына мэриядан жаңы мэрдин иш тажрыйбасы тууралуу маалымат беришти.

Шаар башчылыгына К.Козубаев жалгыз талапкер катары көрсөтүлүп, кечээ, 11-октябрдагы шайлоодо шаардык кеңештин депутаттарынын 25 добушуна ээ болгон. Ал эми 4 депутат ага каршы добуш берсе, 2 депутат шайлоого катышкан эмес. Кара-Суу шаарында жалпысынан 31 депутат бар.

Козубаев Кутугалы Калчакович 1962-жылы 8-июлда Кара-Суу шаарында төрөлгөн.

1969-жылы №68 В.М.Ломоносов атындагы орто мектебине кирип, аны 1979-жылы аяктаган. Ошол эле жылы Педагогикалык институттун география факультетине кабыл алынып, аны 1984-жылы аяктаган.

Эмгек жолу:

- 1984-1985-жылдары Кызыл-Кыя шаарындагы №6 орто мектепте мугалим;

- 1985-87-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;

- 1987-1991-жылдары Кара-Суу районундагы Тельман орто мектебинде география мугалими;

- 1992-жылдан тартып 1996-жылга чейин Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүндө инспектор;

- 1996-жылдан 2016-жылга чейин Ош облустук бажы кызматында эмгектенген.

К.Козубаев үй-бүлөлүү, 2 уул, бир кыздын атасы.  

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1074
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×