Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Фото - Оштогу журналисттердин Ош—Ташкент—Самарканд маршрутундагы саякаты

Turmush -  Өзбекстандын экинчи борбору аталган эң байыркы шаарлардын бири — Самарканддын кооздугу туристтерди кайдыгер калтырбайт. Самарканд шаарына Ош шаарындагы журналисттер саякатка барып, чек арадан тоскоолдуксуз өтүшкөнүн айтышты.

Борбор Азиядагы байыркы шаарлардын катарын толуктаган Самаркандда тарыхый имараттар жакшы сакталып калган. Регистан, Гур-Эмир, Биби Ханым, Улугбек медресеси, Мирзо Улугбегдин обсерваториясы, Амир-Темирдин музейи, Шахи-Зинда архитектуралык комплекси жана башка көптөгөн тарыхый имараттарды көрүүгө болот. Шаардагы жашоочулардын бир бөлүгүн тажиктер, ирандыктар түзөт. Бул чөлкөмгө сырттан келгендердин саны көптүгүнөн карапайым элдин көбү туристтерди тейлөө кызматын аркалашат. Атайын туристтер үчүн бардык шарттар каралган.

Ал эми, Ташкент шаары жаңы курулган имараттарга бай. Негизги көчөлөр Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун урматына анын ысымынан аталган.

Шаардын тазалыгы боюнча сөз кылуунун кажети жок. Бак-дарактардан түшкөн жалбырактарды да айрымдар байкабай калышат.

Дыйканчылыкка жакын өзбек эли учурда пахта терүү иштерин улантып жатышат. Ал эми, нандын өзгөчөлүгү боюнча кокондуктар алдыда турат. 2 жылдан бери нан жасап сатып жаткан Шахзода Валиева нандын 10 түрү бар экенин айтып берди.

«Думба, катта патир, илнур, кокон патир, ак патир, оромо, көк патир, майлуу нан бар. Нандардын 1 даанасы 2 миң сумдан 4 миң сумга чейин сатылат (17-35 сом)», - деди Ш.Валиева.

Ош шаарындагы журналисттердин айтымында, Андижан, Самарканд жана Ташкент шаарларына болгон 2 күндүк сапарга 6 миң сом (705 миң 281.09 сум) сарпталды.

Ош-Самарканд

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1384
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×