Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ош облусу, Ош 14.10.2017 14:52

Ошто көчмө урна менен добуш берүү улантылып жатат

Turmush -  Бүгүн, 14-октябрда Ош облусунун аймагында жана Ош шаарында көчмө урна менен добуш берүү улантылып жатат. Бул тууралуу БШКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлү Расул Кадыров кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, имараттан тышкары добуш берүүгө Ош облусу боюнча 5087 шайлоочудан, Ош шаары боюнча 2916 адамдан арыз түшкөн.

«Добуш берүү эртең менен саат 8:00дө байкоочулардын коштоосунда башталган. Учурда абактардагы, медициналык мекемелердеги, аскер бөлүктөрүндөгү жана үйүнөн чыга албаган жарандар добуш берип жатышат», - деди Расул Кадыров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×