Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 15.10.2017 12:41

Өзгөн районунда 2 сааттагы добуш берүү 6% болду (видео)

Turmush -  Өзгөн районундагы жашоочулар президенттик шайлоого добуш берүүнү улантып жатышат. БШКнын райондогу өкүлү Нурмамат Сулаймановдун айтымында, район боюнча 111 миң 740 шайлоочу катталган.

Саат 10:00гө карата алынган маалымат боюнча, райондогу шайлоочулардын 6%ы добуш берип бүтүштү.

«Бизде добуш берүү кечээ башталган. Мүмкүнчүлүгү чектелген 544 жарандан арыз түшүп, анын ичинен 456 шайлоочу көчмө урна менен добуш берди. Айрымдар паспорту жок, каттоосу жок болгондуктан добуш беришкен жок. Ал эми жер көчкүдөн жабыркап көчүп келгендер добуш берүү үчүн өз айылдарына кетишти», - деди ал.

Жалпы район боюнча 98 шайлоо тилкеси бар. Алардын ичинен шайлоочулары эң көп — Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн  Бахмал айылындагы №5091 шайлоо участкасы. Бул айылдагы шайлоо комиссиянын төрагасы Замир Мурзафаизовдун айтымында, жалпы 2 миң 681 шайлоочу бар.

«Саат 11:00гө чейин 400 адам добуш берди. Биздин айылда түрк, өзбек жана кыргыздар жашашат. Көп улуттуу айылбыз. Азыр шайлоочулар акырындык менен келип жатат. Түштөн кийин көбөйөт деп турабыз», - деди ал.

Байкоочулардын айтымында, шайлоодо тартип бузуу каттала элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×