Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 15.10.2017 12:58

Өзгөндөгү №5072 шайлоо участкасында район акими биринчилерден болуп добуш берди (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагындагы № 5072 шайлоо участкасында биринчилерден болуп район акими Олжобай Осмоналиев добуш берди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.  

Маалыматка ылайык, аким менен бирге 90 жаштагы аксакал добуш берүүгө катышып, ыраазычылык баракчасына ээ болду. Райондогу ар бир шайлоо тилкесинде жаш курагы боюнча эң жаш жана эң улуу шайлоочуларга ыраазычылык баракчалары тапшырылууда.

Аталган участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы Камалжан Сулайманов эл шайлоого жакшы катышып жаткандыгын билдирди. «Биздин шайлоо тилкеге 1 миңден ашык адам катталган. Эртеден бери 120 шайлоочу өз добушун берди», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×