Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ош облусу, Ош 16.10.2017 09:25

Президенттик шайлоодо өлкө боюнча Ош шаарынын калкы активдүү болду

Turmush -  Кечээ, 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо Кыргызстан боюнча Ош шаарынын калкы активдүү катышты.

БШКнын маалыматы боюнча, шайлоочулар эң көп келген аймак болуп да Ош шаары эсептелди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, шаарда 67,57% шайлоочу добуш берүүгө катышты.

Мэриянын билдирүүсү боюнча, шайлоо учурунда коомдук тартипти милиция кызматкерлери менен элдик кошуундун мүчөлөрү жана ар бир шайлоо участокторунда атайын медицина кызматкерлери көзөмөлдөштү. Ош шаары боюнча добуш берүүчү жарандардын жалпы саны 159 миң 420 адам, ал эми добуш бергендердин саны 107 миң 675 адам болду. Шаарда жалпысынан 73 шайлоо участогу ачылган.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, шайлоого 3 миллион 25 миң 768 адам добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү болгон. Ишемби күнү 22 миң 281 жаран шайлоо участкаларынан тышкары аймактарда мөөнөтүнөн мурда көчмө урна менен добуш беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×