Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Фото - Кара-Булак айылындагы мектеп жарактан чыгып, 8 окуучу турак үйдө окуп жатат

Turmush -  Аравандын Кара-Булак айылындагы 8 окуучу кайрадан үйлөрдө билим алып жатышат. Район акими Курбанбек Айтибаев билдиргендей, эски мектептин имараты бир жыл мурун жараксыз болуп калган.

«Кара-Булак айылындагы мектептин курулушу азырынча толук бүтө элек. Окуучулар үйдө окуп жатышат», - деди ал.

Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тейитбек Райимкулов 8 окуучуга учурда 2 мугалим сабак берип жатканын билдирди.

«Кара-Булак айылындагы мектепте мурда 13 окуучу бар эле. Учурда 8 окуучу окуп, аларга 2 мугалим сабак берип жатат», - деди Т.Райимкулов.

Район борборунан 30 чакырым алыста жайгашкан Кара-Булак айылы Аля-Анаров айыл өкмөтүнүн карамагында. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 836
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×