Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Өзгөчө тойлор: Алайлык депутат үлпөт тоюнда аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн азык-түлүк алып берди (фото)

Turmush -  Алай районундагы Корул айылынын 25 жаштагы тургуну Санатбек Зарипбек уулу келинчеги Бегимай менен үйлөнүү тоюнда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн азык-түлүктөрдү таратышты. Мындай демилге менен өткөн той тууралуу аймактык кабарчыга Санатбектин досу Керимбек Акматов айтып берди.

Эки жаштын үйлөнүү тою кечээ, 17-октябрда өткөн. 

«Санатбек үй-бүлөсүндө улуу бала жана Корул айылдык кеңешинин эң жаш депутаты. Ал талапкерлигин көрсөткөндө айылдаштарынын басымдуу бөлүгү колдоп, эң көп добуш алган. Келинчеги Бегимай да жаштар парламентинде мүчө болуп жүргөн. Экөө тең жаш болгонуна карабастан активдүүлүгүн көрсөтүп, көзгө көрүнүп, элге таанылып калышты. Алардын үлпөт тою Алай райоунунда өттү. Экөө 1,5 жылдан бери кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөн. Келинчеги Кара-Суу районунан болот.

Жаш жубайлар өз алдынча максат коюп, тойго атайын план түзгөн болчу. Ош шаарынын ири соода түйүндөрүндө жайгаштырылган "Мээримдүү жүрөк" текчелерине каалоочулар муктаж болгондор үчүн тамак-аш, кийим-кечектерин коюп кетишет. Жаш жубайлар да ошол текчеге үй-бүлөлүүлөр үчүн керектүү буюмдарды алып берип, шаар тургундарын таң калтырышты.

Ал эми, ресторанга 7 райондон айылдык кеңештин депутаттары, активисттер, ата-энелери, туугандары, достору жана кесиптештери чогулуп, эки жашка каалоо-тилектерин айтып, бата берип кайтышты. Тойго келген элди көбүнчө жаштардын активдүүлүгү, жетишкен ийгиликтери, сөзгө чебердиги таң калтырды», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6523
Көп окулду
×