Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Өзгөндөгү балык чарбада жем жетпей, суу сактагычка 1 тонна балык коё берилди

Turmush -  Өзгөн мамлекеттик балык чарбасында жемдин тартыштыгынан балыктар көп өндүрүлбөй калууда. Бул тууралуу аталган балык чарбанын башкы балыкчысы Абдилла Темирзаков билдирди.

Анын айтымында, быйыл 15 тонна балык сатыкка чыгарылат.

«Биздин балык чарбанын 300 гектар жери бар эле. Бирок аны толугу менен иштетүүгө шартыбыз жок болуп, жер тилке катары берилген. Акыркы убактарда жемден кыйналып жатабыз. Буга байланыштуу чабактарды, ашкана балыктарын гана өндүрүп калдык. Ишкана өзүн-өзү каржылап, каражатыбызга жараша жем алабыз. Быйыл Өзбекстандын жем ала баштадык.

Бул жылы сатыкка 15 тонна балык чыгарабыз. Быйыл жемдин тартыштыгынан Ноокат районундагы Найман суу сактагычына 1 тонна балык кое берилди», - деди ал.

Өзгөн мамлекеттик балык чарбасында ак амур, толстолобик, карп балыктары өстүрүлүп, килограммы 150-250 сомго бааланат.

Аталган ишкана СССР убагында алдыңкы балык чарбалардын катарын толуктап турган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1718
Көп окулду
×