Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Өзгөндөн ОНЛАЙН: Тандалган короздордун кызыктуу беттеши башталды

Turmush -  Бүгүн, 26-октябрда Ош облусунун Өзгөн шаарындагы «Басыз ордо» эс алуу жайында короздордун кызыктуу мелдеши өтүп жатат. Жүздөгөн көрүүчүлөрдү чогулткан мелдешке Turmush басылмасынын кабарчысы да күбө болууда.

Бүгүнкү иш-чаранын башталышында өлкөнүн аймактарынан короздорду алып келген коноктор менен көрөрмандарга сый тамак берилди.

Мелдештин эрежеси боюнча, бүгүн байгеге көрүүчүлөр тарабынан берилген акча коюлат. Ал эми бир жумадан кийин (кийинки жуманын бейшембиси) өлкөнүн аймактарынан чогулган короздор беттештирилип, жеңүүчү аталган короздун байгесине 1 баш кой берилет. Учурда байге үчүн жалпы 5 баш кой даярдалганы маалым болду.

Мындай мелдештерге күбө болгондордун айтымында, беттешке чыккан ар бир короз үчүн эл тарабынан акча берилип жатып, 20 миң сомго чейин каражат чогулат.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1307
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×