Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Айыл турмушу: 200 түп анар өстүргөн Ракыпжан ата түшүмүн жаңы жылга карата белек кылат (фото)

Turmush -  Араван районунун тургуну Ракыпжан Абдуллаев көп жылдан бери анар өстүрүп, багбанчылык менен алектенет. 8 сотых жерге 200 түп анар эккен багбан аны туура өстүрүүнүн жолдорун аймактык кабарчыга айтып берди.

Ракыпжан атанын талаасынан анардын бир нече түрүн көрүүгө болот.

«Мен өрүк, курма, анар өстүрөм. Анар суусуз деле өсө берет, чыдамкай келет. Бирок ар бир өсүмдүк сууга муктаж. Убагында суусун бербесең жакшы түшүм албайсың. Февраль айында анарды бутап, көмүп коебуз. Жаз келип, күндүн табы жогорулаганда биздин көчөт жанданып, тамыр алып калат. Анардан жыл сайын жакшы түшүм алуу үчүн топурагын жумшартып, жер семирткичтерди, табигый азыктарды берип туруу зарыл.

Түшүмдүн алды август айында бышып баштайт. Жаңы жылга чейин бардык анарлар бышып, даамына келип калат», - деди ал.

Анарды өстүрүү оңой иш эмес. Убагына кам көрүлбөсө куурап калуу коркунучу бар.

«Анардын дарагын суук түшкөнгө чейин ороп коюу керек. Суук түшкөндө үшүк алуу коркунучу бар. Биз анардын ар бир түбүн ороп чыгабыз. Эгер жакшы караса анардын көчөтү 2 жылдан кийин түшүм бере баштайт», - деп кошумчалады.

Ракыпжан Абдуллаев быйыл 69 жашта. Ал бала кезинен табигатка жакын өскөнүн белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 929
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×