Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Ош

Айыл турмушу: 29 жаштагы Азамат заманбап мештерди жасап сатуу менен үй куруп, унаа алды (фото)

Turmush -  Баткендик 29 жаштагы Азамат Мырзабеков мештердин түрүн жасайт. Быйыл Ош шаарында атайын меш сатуучу кичи дүкөн ачууга да жетишти.

Кичине кезинен тартып устачылыктын сырын үйрөнгөн Азамат өзү жасаган мештерди чет өлкөгө чыгаруу максаты бар. Бул тууралуу ал аймактык кабарчыга билдирди.

«Ош шаарында жеке ишкана ачканыма 5 айдын жүзү болду. Керектүү каражаттарды Бишкектен алып келем. Жумуш жоктугунан Бишкек шаарына барып, 18 жашымда меш жасап баштагам. 12 жылда меш жасаганды толугу менен өздөштүрдүм», - деди ал.

Азамат уста жасаган мештер 70 миң сомго чейин бааланат.

«Сезон убагында айына 100 миң сомдон ашык акча табабыз. Мештерди сапатына жараша 20-30 миң сомго, кээде 70 миң сомго чейин жасап беребиз. Мен 12 жыл иштеп, көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Ал ийгилигим деп өз күчүм менен үй курганымды, автоунаа алганымды жана үй-бүлө курганымды айта алам», - деди А.Мырзабеков.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2537
Көп окулду
×