Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Кыргыз милициясынын 93 жылдыгы Ноокатта белгиленди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 31-октябрда Ноокат районунда Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 93 жылдык мааракеси жана милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу азем өттү. Ага Ноокат шаарынын мэри Жоомарт Нурдинов катышты, деп маалымдайт кабарчы.

Иш-чаранын алкагында коомдук коопсуздукту сактоодо жана өз кесибин аркалоодогу үзүрлүү эмгектери, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоодо кошкон салымы үчүн милиция кызматкерлери, ардагерлер мэриянын ардак грамоталары, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Аземдин соңунда Ноокат шаарынын Н.Исанов эс алуу багында легендарлуу инсан, милициянын генерал-майору Мурзали Абдурахмановдун эстелигине гүл коюлуп, куран окулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 684
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×