Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Кара-Кулжадагы интернат-лицейдин окуучулары окшош спорттук формага өтүштү (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылындагы Шарип Жээнбеков атындагы интернат-лицейдин базасында дене тарбия мугалимдеринин «Спорт — ден соолук башаты» облустук семинары өткөрүлдү. Ага Ош облусунун аймагындагы райондордун билим берүү тармагында эмгектенген өкүлдөр, Кара-Кулжа районундагы 55 мектептин дене тарбия мугалимдери, район жетекчилери жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин адистери катышты.

Семинардын жүрүшүндө бирдиктүү спорттук форма көрсөтүлдү. Маалым болгондой, ушул жылы Ш.Жээнбеков атындагы интернат-лицейдин жалпы окуучулары ата-энелердин колдоосу менен бирдей спорттук формаларга өтүшкөн. Ошол эле мектептин дене тарбия мугалими К.Темирбаев сабак өтүү боюнча мастер-класс көрсөттү.

Иш-чаранын максаты — жаш муундардын спорт менен машыгууга болгон кызыгуусун арттыруу жана дене тарбия мугалимдерин тажрыйба алмаштыруу, ошондой эле окуучуларды сергек жашоого үндөө.

Учурда аталган лицейде 40 мугалим, 349 окуучу бар. Бул мекемеде 1-сентябрда мамлекеттик бюджеттин эсебинен сметалык баасы 19 млн сомдук спорт залы пайдаланууга берилген эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 590
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×