Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

С.Юсупов айыл өкмөтүндөгү эс алуу багы соода түйүнгө айланып жатат, - айылдык кеңеш

Turmush -  Араван районундагы С.Юсупов айыл өкмөтүнүн «Жеңиш» эс алуу багы ижарага берилип, соода түйүнгө айланып жатат. Бул тууралуу айылдык кеңештин төрагасы Бобуржан Маннанов кабарлады.

«Эс алуу багы коомдук объект болуп эсептелет. Ал жерге жергиликтүү тургундар жана карыялар чогулуп, эс алып турушат. Көрктөндүрүү жана жашылдандыруучу жерге контейнер коюп, ал жерди ижарага берүү туура эмес. Бул аракетти токтотуп калуу үчүн жергиликтүү тургундар менен биргеликте Араван райондук прокуратурасына арыз жазып жатабыз», - деди ал.

Бул айыл өкмөттү 4 жыл Шукурулло Файзуллаев башкарган. 2017-жылы 3-июлда жана 10-октябрда жаңы башчыны шайлоо өтүп, бирок эки ирет тең кворум болбой калган. Мындан улам депутаттар таратылып, Ш.Файзуллаев убактылуу башчы болуп дайындалган. Ал эми, айылдык кеңешти шайлоо 2018-жылдын январь айына белгиленди. Бул шайлоодон кийин айыл өкмөттүн жаңы башчысы шайланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 487
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×