Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Фото - Ошто эки кабаттуу үйдүн жашоочулары нааразычылык билдирип чыгышты

Turmush -  Ош шаарындагы А.Навои жана А.Масалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги барак тибиндеги үйдүн тургундары кечээ, 8-ноябрда нараазычылык акциясына чыгышкан. Аймактык кабарчыга маалым болгондой, 48 үй-бүлө жаңы үй курууга макулдук берсе, 3 үй-бүлө каршы чыгууда. Буга байланыштуу жаңы көп кабаттуу үйдүн курулушу башталбай келет.

А.Навои көчөсүнүн №22 жана Масалиев көчөсүнүн №40 дарегиндеги эки кабаттуу барак тибиндеги үйлөрдүн ээлери буга чейин шарты жок жашап келишкенин жашоочу Азиз Эргешов билдирди.

«Мен бул жерде 1992-жылдан бери жашайм. Мурун бул үйлөр курулуш ишкананын аз камсыз болгон кызматкерлерине жатаканага берилген. Кийин менчиктештирип, өзүбүзгө өткөрүп алганбыз. Ажатканасы сыртта жана таза сууну сатып ичебиз. Убакыттын өтүшү менен үйдүн эскилиги жетти. Биз инвесторлорду өзүбүз издеп таап, үй курууга макул болсок, 1-кабаттагы үйлөрүн ижарага бергендер каршы чыгышты. Алар Ош шаардык прокуратурасына арыз менен кайрылып, курулушка тоскоолдук жаратууда», - деди А.Эргешов.

Жергиликтүү тургун Сайрагүл Акбашованын айтымында, макул болгон жашоочулар учурда батирлеп жашап жатышат.

«Биз батирде жашап жатабыз. 48 үй-бүлө макул болуп, 3 үйдүн ээси каршы. Алар үйлөрүн сулуулук салондоруна, банктарга, күрөөканаларга ижарага берип коюшкан. Азыр айланасын тосууга дагы макулдук бербей жатышат. Биз бул көйгөй боюнча Ош шаардык мэриясына чейин кайрылганбыз. 3 адамдын кызыкчылыгы үчүн курулуш иши токтоп турат», - деди С.Акбашова.

Ал эми, үй кура турган компаниянын жетекчиси Шарапат Мажитова жашоочулардын ыйлагыдай абалын көрүп макулдугун бергенин айтты.

«Мен алгач курулушту алууга макулдугумду берген эмесмин. Кийин чогулушка чакырганда оор шартты көрүп макул болдум. Бирок 1-кабаттагы үйдүн ээлери жумушчуларга тапанча такап, тоскоолдук кылыптыр», - деди Ш.Мажитова.

Ал эми, 1-кабаттагы үйлөрдү ижарага алгандардын айтымында, ээлери 4-5 айда бир жолу ижара акысын алып кетишет.

Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетектөөчү адиси Мирлан Казыбай уулунун айтымында, 2 үй 4-даражада кооптуу деп табылган.

«Шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан үй 4-даражада кооптуу деп табылган. Жашоочулар үйлөрүн бошотуп чыгып кетишкен. Бирок өздөрү жашабай, ижарага бергендер бузууга каршы чыгып жатышат. Учурда сүйлөшүүлөр улантылууда», - деди М.Казыбай уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2960
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×