Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Бал фестивалдан фоторепортаж: 7 облустагы бал өндүрүүчүлөр Кара-Кулжага чогулушту

Turmush -  Бүгүн, 9-ноябрда Кара-Кулжа районунун борборунда өтүп жаткан Бал фестивалына өлкөнүн 7 облусунан бал өндүрүүчүлөр чогулду. Алгач өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев мыкты бал өндүрүүчүлөрдү грамота менен сыйлап, уюштуруучулар конокторго бал боюнча кеңири маалымат беришти.

Фестивалдын алкагында эң мыкты ак бал, эң мыкты бал аралашмасы, эң мыкты кондитердик азык, эң мыкты таңгактоо, эң мыкты жасалгалар, бал боюнча окуучулардын эң мыкты сүрөттөрү жана бала бакчалар арасындагы кол өнөрчүлүк боюнча сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталат.

Фестивалдын алкагында маалым болгондой, 2017-жылы Кыргызстандан чет өлкөгө жалпы 35 миң тонна бал экспорттолгон. Ал эми, бүгүнкү иш-чаранын максаты — бал өндүрүүдө, экспортко даярдоодо тамак-аш коопсуздугун камсыздоо, бал өндүрүүчүлөрдүн пикир алмашуусуна шарт түзүү жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү жолдорун табуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 725
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×