Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

«Мекендештер»: Орусияда медициналык борбор ачкан 34 жаштагы К.Алибеков орто азиялык мигранттарды дарылайт (фото)

Turmush -  34 жаштагы ноокаттык Кубанычбек Алибеков Орусиянын Москва шаарына жеке менчик медициналык борбор ачып, иштетип келет. Анын борборуна кайрылган бейтаптардын 70 пайызы Орто Азиядан келген эмгек мигранттар болсо, 30 пайызын жергиликтүү калк түзөт. Студент кезинде медициналык камсыздандыруу күбөлүгү жок, дарыгерлерге көрүнө албаган мигранттарга аябай боору ооруган. Жеке менчик борбор ачуу идеясы мына ушундан улам келип чыкканын ал аймактык кабарчыга маек учурунда айтып берди.

- Кубанычбек мырза, Орусиянын Москва шаарында медициналык борбор ачып, иштетип жаткан экенсиз. Аны ачуу оңойго турбаса керек, алгач сѳздү ушундан баштасак.

- Медициналык борборду ачуу албетте оңойго турган жок. Лицензия алуу Москвада ѳтѳ татаал. Мындан тышкары медициналык жабдууларды алуу, ѳз ишин жакшы билген адистерди бир командага чогултуу бир топ кыйынчылыктарды жараткан. Азыр кудайга шүгүр, баары жакшы. Борборубузда ѳз кесибин мыкты билген адистер эмгектенишет. Алардын тең жарымы Кыргызстандан келген дарыгерлер болсо, жарымы Москванын окуу жайларын аяктаган таланттуу кыргыз жаштары.

- Медициналык борбор ачуу идеясы эмнеден улам жаралды?

- 2016-жылдын февраль айында бул жеке менчик медициналык борборду ачып, иштеп келе жатабыз. Медициналык борбор ачуу идеясы 2014-жылы пайда болгон. Москва шаардык клиникада иштеп жана окуп жүргѳндѳ бизге кѳп мигранттар кайрылчу. Алар медициналык камсыздандыруу күбөлүгүнүн жоктугуна байланыштуу толук кандуу медициналык жардам ала албай кыйналышчу. Ошолорду кѳрүп боорум ооручу, колдон келген жардамымды берчүмүн. Кээ бир учурларда медициналык камсыздандыруу күбөлүгүнүн айынан жардам берүүгѳ да мүмкүнчүлүк болбой калчу. Ушул көрүнүштөн улам идея жаралды. Негизи борборду ачууда бир тууган иним Куштарбектин салымы ѳтѳ чоң болду. Азыр Куштарбек да стоматолог болуп чогуу иштейбиз.

- Учурда борбордо канча кызматкер иштейт?

- Медициналык борбордо 18 дарыгер, 2 медайым иштейт. Хирургия, тиш дарылоо, травматология-ортопедия, гинекология, дерматолог-венерология, косметология, ЛОР, терапия, неврология, гастроэнтерология, эндоскопия, УЗИ адистиктери боюнча иш алып барабыз жана жаш балдарга эмдөө жасайбыз. Эмгек жамаатта 17 кыргыз улутундагы дарыгер, 1 орус улутундагы дарыгер жана 2 кыргыз улутундагы медайым эмгектенет.

Бизге кайрылган бейтаптардын 70 пайызы Орто Азиядан келген эмгек мигранттары, 30 пайызы жергиликтүү калк.

- Москвага болгон сапарыңыз тууралуу айтсаңыз. Ал жака эмне максат менен барып калдыңыз?

- Студент кезде эле чет ѳлкѳдѳ окууну самачумун. Университетти бүтөр менен эч ойлонбой Москвага сапар алдым. Албетте, билим алуу үчүн.

- Демек, Москвадан да окуган экенсиз да.

- 1990-жылы Жийде орто мектебине 1-класска баргам. 1991-жылы атамдын жумушуна байланыштуу биздин үй-бүлѳѳ Ноокат районунун Он-Эки-Бел айылына кѳчүп барганбыз. Ошентип окууну Он-Эки-Бел орто мектебинде артыкчылык аттестаты менен 2001-жылы аяктап, ошол эле жылы Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде алгачкы студенттик күндѳрүмдү баштагам. Студенттик күндѳрдѳ коомдук иштерге активдүү катышып, медицина факультетинин жаштар комитетинин тѳрагасы болуп иштегем. Факультетти 2007-жылы артыкчылык диплом менен аяктап, ошол эле жылы Н.И.Пирогова атындагы Москва мамлекеттик медицина университетине хирургия адистиги боюнча ординатурага тапшырдым. 2009-жылы ординатураны аяктап, 2011-жылдан 2014-жылга чейин Москва шаарында аспирантурада окугам. Ушул жерде окуп жүргөндө эле Москва шаардык №52 ооруканасынын хирургия бѳлүмүндѳ иштедим.

- Келечекте кандай максаттарыңыз бар?

- Келечекте алган билимимди кыргыз элиме арнасам деп тилейм. Биз Кыргызстанга сѳзсүз кайтышыбыз керек. Чет ѳлкѳдѳ окуган таланттуу кыргыз жаштары Кыргызстаныбыз үчүн ѳтѳ чоң инвестиция деп эсептейм!

- Бош убактыңызда эмне менен алексиз?

- Бош убакта үй-бүлѳм менен шаар айланып, чогуу жүргѳндү жактырам. Жуманын ар ишемби күнү кечинде кесиптештерибиз менен чогуу футбол ойнойбуз.

- Үй-бүлѳңүз тууралуу да айта кетсеңиз.

- Бир уулум, бир кызым бар. Жубайым экѳѳбүз 2010-жылы баш кошконбуз. Азыр медициналык борбордо чогуу иштейбиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1248
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×