Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуНоокат району 13.11.2017 12:39 Жаңыланды: 13.11.2017 18:43 На русском

Ноокатта мас күйөө бала тепкичтен кулап кетип каза болду

Turmush -  Ноокат районунда бетон тепкичке жыгылып кеткен эркек киши көз жумду. Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, көз жумган жаран Таластын 1987-жылы туулган жашоочусу болгон. Ал Ноокатка кайын атасынын үйүнө коноктоп келген.

Үйдүн кире беришиндеги бетон тепкичке кечээ, 12-ноябрда саат 21:30 чамасында башы менен жыгылган маркумду тез жардам кызматынын дарыгерлери ооруканага жеткирип, бирок өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Милицияга бул окуя кокустук катары катталды. Айрым маалыматтар боюнча, таластык күйөө бала мас абалда болгон.

Окуяны Ноокат РИИБдин кызматкерлери териштирип жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×