Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Фото - Өзгөндө 2 койду сүзүп өлтүргөн «Хендай Портер» бир нече жолу оодарылып кетти

Turmush -  Өзгөн районунда «Хендай Портер» үлгүсүндөгү автоунаа оодарылып кетип, айдоочусу ооруканага жеткирилди. Булактар аркылуу окуя бүгүн, 13-ноябрда саат 16:00 чамасында Куршаб айылына жетпеген жолдо болгону белгилүү болду.

«Хендай Портер» каршы тилкеге чыгууга аракет кылып, бирок башкаруусун жоготкон. Унаа жол четиндеги 2 койду өлтүрө сүзүп, андан кийин бир нече жолу оодарылып кеткен. Анын кесепетинен жаракат алган айдоочу Өзгөн аймактык ооруканасына жеткирилген. Ал эми, айдоочунун жанындагы жүргүнчүнүн абалы жакшы.

Учурда аталган кырсык боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 632
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×